Путин АКШнын ирандык генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүн моюнга алышы тууралуу эмне деди?

  Россиянын президенти Владимир Путин 2020-жылы Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аль-Кудс атайын бөлүгүнүн командачысы, генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү сыяктуу, башка мамлекеттердин расмий адамдарынын АКШ тарабынан өлтүрүлүшүн кабыл алынгыс деп эсептейт.

Бул тууралуу Путин “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

“Эч нерседен уялбай калышты. Эч нерсеге карабай ирандык генерал Сулеймани өлтүрүп коюшту. Сулейманиге каалагандай мамиле кылса болот эле, бирок ал башка мамлекеттин расмий адамы эле. Үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында өлтүрүп коюшуп, “ооба, биз өлтүрдүк” дешти. Бул эмне дегендик? Биз каякта жашап жатабыз?” – деп Путиндин ачуусу келди.

Эске салсак, Иран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулеймани жана ирактык “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди ал-Мухандис 2020-жылдын 3-январында АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун жанына абадан жасаган соккусунда өлтүрүлгөн.

Иран бийлиги генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган.

Иран 8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы аскердик аба базаларына чабуул жасап, Сулаймани үчүн өч алган.

Комментарий жиберүү