Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Россиянын Украинадагы аскердик операциясына байланыштуу токтоп калган.

Путиндин айтымында, келерки аптада “Газпром” газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Россия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса болорун айтты.

Согуш башталгандан кийин “Газпром” газ жеткирүүнү алгач 167 миллиондон 100 миллион кубометрге чейин, кийинчерээк 67 миллион кубометрге чейин төмөндөткөн. Андан соң ал ремонтко токтотулган, газ жеткирүү 21-июлда жанданышы керек болчу.

Комментарий жиберүү