Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

“Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда келип чыккан олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, – деди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, кийин абал курчуп кеткен. Тараптар бири-бирине ок чыгарып, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бүгүн берген маалыматына караганда, чек арадагы окуядан улам кыргыз тараптан 134 адам жаракат алып, 13 киши анын ичинде 13 жашар кыз каза тапты.

Комментарий жиберүү