Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда  Москвада жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашат.

 Бул тууралуу РИА Новостиге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Тажикстандын президенти ошондой эле Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышып, андан соң Душанбеге жөнөп кетет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Чек арадагы кагылышууда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 190го жакын адам жаракат алды.

Комментарий жиберүү