Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Орусиянын президенти Владимир Путин «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандагы абалга баа берди.

Орус лидеринин айтымында, учурда оогандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу коркунучтуу. Анткени, миңдеген качкындар арасында ар кандай террордук топтор болушу мүмкүн. Ал эми Орусияга коңушу өлкөлөрдөн визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон соң, Орусияга да бир катар террорчулар кирип кетиши толук ыктымал.
“Биз үрөйдү учурган окуяларга 1990-2000 жылдары күбө болгонбуз. Ооганстандагы бүгүнкү көрүнүштөр ал убакта Түндүк Кавказда да болгон жана ага эч ким кайтып баргысы келбейт”,- деди президент.
Эске сала кетсек, 15-августта талибандардын Кабулду басып алуусунан соң, Ооганстандан качкан мигранттарды кабыл алуу боюнча АКШ жана БУУ Борбор Азия өлкөлөрүнө кайрылып, аларды жайгаштырып алууну сунуштаган. Орусиянын президенти буга карата каршы пикирин билдирип, ооган качкындарын кабыл алуу бир эле Борбор Азияга эмес, Орусияга да коркунуч туудурарын баса белгилеген.

Комментарий жиберүү