Путин орус армиясындагы аскерлердин санын көбөйтөт

Жарлыкка караганда, орус армиясына 2023-жылдын башына чейин дагы 137 миң аскер кабыл алынат.

Орусиянын президенти Владимир Путин келерки жылдын башына чейин орус армиясындагы жоокерлердин санын  көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду.

Орусиянын укуктук маалымат интернет порталынан жарыяланган жарлыкка ылайык, Путин Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматчы санын 1 миллион 150 миң 628и аскер жалпы 2 миллион 39 миң 758ге көбөйтүүгө буйрук берди.

Жарлыкка караганда, орус армиясына 2023-жылдын башына чейин дагы 137 миң аскер кабыл алынат. 

2017-жылдын 17-ноябрындагы мурунку жарлыкка ылайык, 2018-жылдын башына чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө 1 миллион 13 миң 628и аскер жалпы 1 миллион 902 миң 758 кызматчы түзүүгө буйрук берилген.

Комментарий жиберүү