Рактан жабыркаган Пеле жакындары менен коштошту. Видео

Бразилиялык легендарлуу футболчу Пеленин абалы кескин начарлап кетти.

Ал жакындары менен коштошконун үй-бүлөсү тараткан видеого шилтеме кылып, безнес өкүлү Фрэнк Халид Твиттерге жазды.

Булгилүү футболчу жоон ичеги рагы менен жабыркап келет. Оору өткөн жылдын күзүндө аныкталган, мындан улам ал химиотерапиядан өткөн. Бирок кийинчерээк 82 жаштагы спортчунун ден-соолугу аны көтөрө албай калган. Буга байланыштуу анын абалы акырындап начарлай баштаган жана 29-ноябрда ооруканага жаткырылган.

Пеле – үч жолу (1958, 1962 жана 1970-жылдары) футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон ааламдагы  жалгыз футболчу. Дүйнөлүк мундиалга төрт жолку катышкан. Ал 1940-жылы 23-октябрда Бразилиянын Трес-Корасойнс деген жеринде туулган.

Толук аты жөнү Эдсон Арантис ду Насименту. Анын Пеле дегенден сырткары “Футбол падышасы” деген да каймана аты бар.

Комментарий жиберүү