Рамзан Кадыровдун балдары Украинадагы атайын операцияга катышууда

 

 Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 16 , 15 жана 14 жаштагы үч уулу Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймакка келишти.

Бул тууралуу Кадыров өзүнүн Telegram-каналынан билдирди.

“Чечен Республикасынын биринчи президенти, Россиянын Баатыры Ахмат-Хаджи Кадыровдун неберелери – Ахмат, Эли жана Адам учурда украин улутчулдары менен айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан тилкеде болушту”, – деп жазды Чеченстандын башчысы.

Ошондой эле, балдары дароо ишке киришип, Россиянын Баатыры Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы милициянын атайын полкунун командири Замид Чалаев менен бирге душмандын позицияларына жакын жолго чыгып, алдыда келе жаткан согушкерлерге от жабууну камсыз кылышканын жазды.

Балдарды Чеченстандын башчысынын улуу кызы, республиканын маданият министри, 23 жаштагы Айшат Кадырова коштоп келген.

Аны менен бирге алар Украинадагы согуштук аракеттерге катышып жаткан Запад-Ахмат батальонунун жоокерлеринин штабынын жыйынына катышты.

Кадыров октябрь айынын башында уулдарын согуш жүрүп жаткан аймакка жөнөтүү планы бар экенин билдирген. Анын айтымында, алардын аскердик машыгуусу кичинекей кезинен башталган жана уулдары NVO зонасында “өз өнөрлөрүн колдонууга даяр”.

Ал уулдары фронтко барууну өздөрү каалап жатышканын билдирген.

“Ар бир атанын башкы максаты уулдарынын Кудайдан коркуу сезимин ойготуу, үй-бүлөнү, элди, Ата-Мекенди коргоого үйрөтүү деп ар дайым ишенчүмүн. Тынчтыкты кааласаңар согушка даярдангыла», — деп жазган Кадыров 3-октябрда.

Комментарий жиберүү