Рафаэль Физиев өз күйөрмандарынан кечирим сурады (видео)

Кыргызстандан кетерин жар салган UFC мушкери Рафаэль Физиев аны буга чейин колдоп келген кыргыз күйөрмандарынан кечирим сурап, өзүнүн Инстаграммдагы баракчасынан видео кайрылуу жасады.

“Эмоцияга алдырып айткандарды кайра кайтарууга болбойт. Бирок, ошентсе да, маалыматтык согуш эң жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Акча үчүн кетип жатканымды, башка көптөгөн нерселерди жазып, Америкадан башпаанек алгым келгенин жана башка көптөгөн нерселерди жазып, мени душман кылып коюшту. Диниме жана улутума карабай, Кыргызстандын желеги астында чыкканым маанилүү болгон ак ниет адамдардын үмүтүн актай албаганым жана эмоцияга алдырганым үчүн кечирим сурайм. Албетте, кечирим суроого эми кеч экенин түшүнөм”, – деп жазды Физиев.

https://www.instagram.com/reel/CVDqMexjaRQ/?utm_source=ig_embed&ig_rid=c4dd4060-aa8b-4e7d-9239-ad4307ebb825

Эске салсак, буга чейин Рафаэль Физиев Инстанграммдагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жана үй-бүлөсү менен башка өлкөгө көчүп кетерин жар салган.

Комментарий жиберүү