Реалдуу коркунуч: Ооганстандагы согушкерлер Тажикстанга кириши мүмкүнбү?

Орусиянын “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин ардактуу президенти Сергей Гончаров америкалык аскерлер жана алардын союздаштары Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Орусияда дагы башталат деп эсептейт.

Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү радикал Талибан кыймылына туруштук бере албай, артка чегинип жатышат. Согушкерлерден качкан ооган аскерлери Тажикстан жана Өзбекстандын аймагын  массалык түрдө кесип өткөн учурлар катталды. Мунун бардыгы америкалык аскерлердин жана алардын союздаштарынын Ооганстандан чыгып жаткан учурда болуп жатат.

Жакында эле америкалык аскерлер түн ичинде Ооганстандагы эң ири Баграм авиабазасын  таштап, жаңы ооган командирине билдирбестен чыгып кетишкен. Бул тууралуу республиканын армиясынын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиришкен. Америкалыктар базадан кеткенден кийин 20 мүнөттүн ичинде электр жарыгы өчүрүлүп, ал жерге мародерлор келип, имараттарды тоноп кетишкен.

Үч күндөн кийин гана ооган аскерлери базага көзөмөл орнотууга жетишкен.

Учурдагы кырдаал Борбор Азия республикалары үчүн гана эмес, Орусия үчүн дагы чоң коркунуч туудурат, деп эсептейт “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин ардактуу президенти Сергей Гончаров.

“Жакын арада Талибан бийликти өз колуна алат деп ойлойм. Өлкөдө жарандык согуш гана эмес, ал жерге өзүнүн саясаты жана каржысы менен “Ислам мамлекети” террордук уюму  да келет”, –  дейт Альфанын ардагери.

Ал Борбор Азия республикалары каржылык да, аскердик да жагынан Ооганстандагы иштин абалына таасир этүүчү абалда эмес деп эсептейт.

Америкалыктар аларга жана коалицияга иштеген оогандыктарга аскер контингенттери чыгып кеткен учурда  аларды коргоону же эвакуациялоону убада кылышкан. Азыр болсо алар түз эле Өзбекстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга оогандыктарга жардам бергиле деп билдирди.

Эксперт Ооганстандан коңшулаш борбор Азия өлкөлөрүнө качкындар көп агылышы мүмкүн экенин болжолдоду. Анын айтымында, бул өлкөлөр качкындарды толук камсыздай алышы күмөн. Ошондуктан ооган качкындары мындан ары – Орусияга барышы мүмкүн. Алардын арасында жашыруун террорчулар болбойт деген кепилдик барбы?

Гончаров Орусияда атайын кызматтар эмгек мигранттарынын арасындагы экстремисттик ячейкаларды такай аныктап тургандыгын эске салды.

Комментарий жиберүү