Рим папасы: диний лидерлер согушту колдобош керек

Рим папасы Франциск 14-сентябрда Казактанда өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессинде диний лидерлерди динди согушту актоо үчүн курал катары колдонбоого чакырды. Бирок кимдер бирөөнүн атын атаган жок.

“Кудай согушту жактырбайт, тескерисинче, тынчтыкка үндөйт”, – деди ал.

Рим папасы Франциск апрель айында католиктердин Пасха майрамына арналган кайрылуусунда Украинада тынчтык орнотууга үндөп, Орусиянын Украинага согуш ачканын кескин айыптаган.

Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кирилл болсо согуш башталгандан кийин өлкөнүн Коргоо министрлигинин башкы храмында диний жөрөлгө өткөрүп, Орусия эч кимге кол салбаганын кеп кылып, өлкө тарыхый аймактарын кайтарып жатканын айткан.

Рим папасы Франциск Казактанда өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин курултайында патриарх Кирилл менен жолугуу ниетин билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Комментарий жиберүү