Роза Отунбаева Талибандын ТИМ башчысы Муттаки менен жолукту

  Кыргызстандын экс-президенти, учурда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Ооганстандын “Талибан” кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту.

 Бул туурасында БУУнун Ооганстан боюнча миссиясынын Твиттердеги расмий баракчасында айтылат.

Анда Отунбаева менен Муттаки кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча сүйлөшкөнү жазылган.

“Ишеним, банк системасы, билим берүү жана анын кыздарга дагы жеткиликтүү болуусу талкууланды. Алар өз ара пикир келишпестиктерди моюнга алышты, бирок Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн эл аралык коомчулук менен жакындашуу маселесинде бир пикирге келишти”, – деп айтылат миссиянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 3-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындаган. Отунбаева мурда бул кызматты аркалап келген Канадалык Дебора Лайонстун ордуна келген.

Комментарий жиберүү