Роспотребнадзор: Дүйнөдө АКШ каржылаган 300дөн ашык биолабораториялар бар

Дүйнөдө АКШ каржылаган биологиялык лабораториялардын саны 300дөн ашат.

Бул тууралуу Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова жугуштуу оорулар боюнча жылдык конгресс учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул тизмеге аскердик да жарандык да лабораториялар кирет.

“Бүгүнкү күндө АКШнын аскердик лабораториялары андан да көп, слайд даярдалып жатканда алардын саны 200 болсо, бүгүн 300дөн ашты”, — деген Попованын сөзүн РИА Новости жазды.

Ошол эле учурда ал өлкөлөр коронавирус пандемиясынын фонунда жаңы объектилерди курууну улантып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада жүргүзүлгөн атайын аскердик операциянын жүрүшүндө АКШ үчүн иштеген ондогон биологиялык лабораториялар бар экенин аныктаган.

Комментарий жиберүү