Россиядан чыгып кеткен эркектерге кандай чара көрүлөт?Путиндин жообу…

 Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин, эркектердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн ар бир учуру юридикалык жактан карала турганын айтты.

Бул тууралуу ал Астанага жасаган иш сапарынын алкагында журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Журналисттер өлкөдөн чыгып кеткендер Россияда «саткындар» деп айтылып жатканнын, алардын РФда калган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланары тууралуу кептер жүрүп жатканы тууралуу Путинге суроо беришкен.

Мамлекет башчы ар бир иш жекече каралып, юридикалык баа берилерин билдирген.

«Ар бир конкреттүү абал боюнча адамдын аракетине юридикалык баа берүү керек. Кимдир бирөө коркуп кетти, кимдир бирөө мобилизациядан качты, дагы бирөө башка себептер менен кетти», – деген Путин.

Эске салсак, Россияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Мындан улам өлкөдөн жүз миңдеген жарандар чет өлкөлөргө чыгып кетти.

Комментарий жиберүү