Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады

 Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге маалымат берип жатып айтканын ТАСС агенттиги жазды.

“Мобилизацияга чакырылгандарды аскердик бөлүктөргө жөнөтүү бүгүн аяктады. Жарандарга билдирүү жеткирилип бүттү. Сиз тараптан коюлган 300 миң жаранды мобилизациялоо тапшырмасы аткарылды. Кошумча эч кандай тапшырмалар пландалган жок. Аскер комиссариаттары атайын аскердик операциянын алкагында ыктыярчыларды жана контракт боюнча талапкерлерди аскердик кызматка кабыл алуу менен гана аскерлерди толуктоо иштерин улантат”, – деген Шойгу.

Ал мобилизациялангандарды атайын аскердик операция зонасына жөнөтүү алдында аларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Коргоо министринин  айтымында, учурда 218 миң адам аскердик даярдыктан өтүүдө. Ал эми 82 миң адам даярдыктан өтүп, Украинадагы атайын операция өткөн аймактарга жөнөтүлгөн, алардын ичинен 41 миңи аскердик бөлүктөрдүн курамында турат. Ошондой эле ал 13 миң адам аскердик катарга өз ыктыяры менен кошулганын кошумчалады.

Путин өз кезегинде Коргоо министрлигине, облустук бийликтерге жана аскер комиссариаттарына аткарган иштери үчүн, ал эми мобилизациялангандарга патриоттуулугуна, Россияны жана өлкө жарандарын коргоого болгон чечкиндүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Владимир Путин 21-сентябрда Россияда жарым-жартылай мобилизация башталганын жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу аскердик кызматка 300 миң адам чакырыларын билдирген.

Комментарий жиберүү