Россиялык генерал: ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Украинага кириши мүмкүн

Россиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин башчысы, генерал-полковник Андрей Картаполов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүн Луганск, Донецк элдик республикаларынын жана Украинанын бошотулган аймактарына жөнөтүлүшү керек экенин жокко чыгарбайт.

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

“Донецк, Луганск элдик республикаларынын жана Украинанын бошотулган аймактарына ЖККУ өлкөлөрүнөн тынчтык орнотуучу күчтөрү талап кылынарын жокко чыгарууга болбойт”,- деп Картаполов журналисттерге билдирди.

“Атайын аскердик операция уланып жаткан кезде ал жерде эч кандай тынчтык орнотуучу күчтөрү болбойт. Бирок жаңжалдан кийинки жөнгө салуу стадиясында ар кандай варианттар болушу мүмкүн, ЖККУнун бейпилдик күчтөрү талап кылынышы мүмкүн”, – деген ал.

Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн катышуусу мүмкүн деген маалыматка Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков  комментарий берген жок.

“Эч нерсе айта албайм, менде андай маалыматтар жок”, – деп жооп берген Песков журналисттердин тиешелүү суроосуна.

1-июнда Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Россиянын атайын операциясы бүтмөйүнчө уюмдун бейпилдик күчтөрүн Украинага киргизүү мүмкүн эмес деп билдирген. Анын айтымында, Москва бул темадагы сүйлөшүүлөрдү орунсуз деп эсептейт.

Буга чейин дагы 6-июнда Луганск Элдик Республикасынын (ЛПР) Элдик милициясынын офицери Андрей Марочко да ТАСС агенттигине берген маегинде Луганск Эл Республикасына ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн тартуу аймактар украин аскерлеринен толук бошотулгандан кийин гана болорун билдирген.

Орусиянын Украинадагы аскердик операциясы 24-февралдан бери уланууда. Көптөгөн мамлекеттер Россия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

Азыркы тапка чейин Луганск жана Донецк облустарынын аймактары (Луганск Эл Республикасы жана Донецк Эл Республикасы), ошондой эле Херсон менен Запорожьенин бир бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү.

Комментарий жиберүү