Россиянын армиясында бир жыл кызмат өтөгөн эмгек мигранттары жарандык ала алышат

Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы жазды.

Анын айтымында, Москва өкмөтү жакын арада “Сахаров” миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандарды Россиянын армиясына кабыл алуу үчүн толук кандуу инфраструктура түзөт.

Маалыматка караганда, РФнын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн бир жылдык келишим түзгөн чет өлкөлүктөр “көп күтпөстөн жана башка бюрократиялык тоскоолдуктарсыз” жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өлкө жарандыгын ала алышат.

Собяниндин айтуусуна караганда, Москва өкмөтү ушундай жол менен Россиянын Коргоо министрлигине жардам бермекчи.

Москва шаарынын мэриясы Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүү процедураларын тездетүү жана жеңилдетүү үчүн “Сахарово” миграциялык борборунда чет өлкөлүктөр үчүн толук кандуу шарт түзөт.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Мамлекеттик Дума чет элдиктердин жарандык алуусун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам кабыл алган.

Комментарий жиберүү