Россия быйыл Европага газ сатуудан $100 млрд. киреше табат

Les Echos газетасынын маалыматына ылайык, Евробиримдиктин 27 өлкөсү күн сайын  “Газпромго” $200 млн. жөнөтүүдө.

Күйүүчү жана майлоочу майларга, жаратылыш газы менен энергетикага дүйнөлүк баанын кескин жогорулашынан улам Россия үстүбүздөгү жылы европалык өлкөлөргө бир эле жаратылыш газын сатуудан рекорддук  $100 млрд. киреше табышы мүмкүн. Мындай божомолду Citi банкынын аналитиктери жасагандыгын Les Echos газетасы маалымдады.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, газ сатуудан түшө турган пайда өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп болот. Ошол эле учурда анализде Россиянын мунай, көмүр жана башка отун, энергетика булактарын сатуудан канча каражат аларын көрсөтүлгөн эмес.

Аталган басылма белгилегендей, санкция, чуулгандуу билдирүүлөр жана эмбарго киргизүү тууралуу убадаларга карабастан, Евробиримдиктин 27 өлкөсү “Газпромго” күн сайын $200 млн. жөнөтүп жатат.

Россиянын президенти  Владимир Путин 24-февралда  Донбасс республикаларынын жетекчилеринин жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчүнө жооп катары Украинада атайын аскердик операция өткөрүүнү жарыялаган. Ал Москванын планына Украинанын аймактарын оккупациялоо кирбей тургандыгын, максаты өлкөнү демилитаризациялоо  жана денацификациялоо экендигин белгилеген. Андан кийин АКШ, ЕБ, Улуу Британия жана башка бир топ мамлекеттер РФна каршы масштабдуу санкцияларды киргизишкен.

Комментарий жиберүү