Россия Канттагы аскерий базасынан Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып өттү

 Россия Канттагы аскерий базасынан Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып өттү. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун маалымат кызматынан билдиришти.

Тажикстанда 2022-жылдын 21-октябрына чейин улана турган ЖККУнун “Чек ара-2022” маневрлеринде чабуулчу учактар колдонулат.

Бүгүндөн баштап машыгуулар активдүү фазага өттү.

“Экипаждар Тажикстандын түштүгүндөгү тоолуу жана чөлдүү аймактагы бутага ракеталык сокку уруу боюнча машыгышат”, – деп билдирет басма сөз борбору.

Маневрларга ошондой эле 201-аскердик базанын авиациялык тобунун Ми-24 чабуул тик учактары жана Ми-8МТВ5-1 транспорттук-күжүрмөн тик учактары катышууда.

Эске салсак, Тажикстандын аймагындагы машыгууларга миңдей аскер адамы жана 300дөн ашык аскер жана атайын техникалар катышууда.

Белгилей кетсек, Тажикстанда өтүп жаткан бул аскердик машыгууларга Кыргызстан катышкан жок. Буга чейин Кыргызстандын коргоо министрлиги бул иш-чарага башынан эле катышууну пландаган эместигин айткан. Башка себептер айтылган эмес.

Комментарий жиберүү