Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин менен дизелдин көлөмүн көбөйттү

Кыргызстанда мындан ары бензин жана дизел майы кымбаттабайт.

Россия Кыргызстандын ички керектөөсү үчүн зарыл болгон бензин жана дизел майын пошлинасыз сатып алуунун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстан сентябрь айында мурда макулдашылган көлөмдү сатып алып бүткөндүктөн, жалпы негизде же жогорулатылган баада сатып ала баштамак.

“Бактыга жараша Кыргызстан менен Россиянын экономика министрликтери пошлинасыз бензин жана дизел майын сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө макулдашты. Азыр экономика министрликтери жетишилген макулдашууга кол коюусу калды”, – деди Эшатов.

Ошентип Кыргызстан  кошумча дагы 190 миң тонна же жылына 650 миң тонна бензинди пошлинасыз төлөм менен сатып алмакчы.

Ал эми дизелдин көлөмү 65 миң тоннага жогорулап, жылына 550 миң тонна пошлинасыз сатып алмакчы.

“Бул көлөмдөгү күйүүчү майлар биздин керектөөбүзгө жетет”, – деди КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси. 

КыргызстанРоссиядан бензиндин тиешелүү көлөмүн арзандатылган баада сатып алууда. Эксперттер бул жеңилдик аяктагандан соң Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды экспорттук пошлина менен сатып аларын айтып жатышкан. Демек, бул баанын дагы 1,5 сомго жогорулоосуна алып келмек (экспорттук пошлина  = 20 $/тн). Анткен менен кезектеги макулдашууга ылайык, бензин жана дизел майынын кымбаттоосуна жол берилген жок.

Комментарий жиберүү