Россия Кыргызстандын ИИМине дрон жана мобилдик платформаларды берди

Кечээ, 1-июлда Бишкекте Кыргызстандын Ички иштер министрлигине учкучсуз учуучу аппараттар менен мобилдик платформалар тапшырылды.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, бул аппараттар БУУнун баңги жана кылмыштуулук программасы боюнча башкармалыгынын фондуна ыктыярдуу түрдө каражат салган Россиянын эсебинен сатып алынган.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, РФ элчилигинин өкүлү Вадим Гусев жана БУУнун өкүлдөрү катышты.

Россия төрт жыл ичинде баңгиге каршы күрөшүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлгөн. РФ өкмөтү программаны 2023-жылга чейин узартып, кошумча 350 миң доллар бөлүү чечимин чыгарды.

Комментарий жиберүү