Россия Луганск Эл Республикасына толук көзөмөл орнотту

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу өлкө президенти Владимир Путинге Луганск Элдик Республикасынын бошотулганы боюнча отчет берди.

Бул тууралуу 3-июлда РФ Коргоо министрлиги билдиргенин орус басылмалары жазышты.

“Бүгүн, 2022-жылдын 3-июлунда Россия Федерациясынын Коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку командачысы Владимир Путинге Луганск Эл Республикасынын бошотулушу тууралуу отчет берди”, – деп айтылат маалыматта.

Шойгунун билдирүүсүнө караганда, РФ Куралдуу күчтөрү менен ЛЭРдин элдик кошуундарынын биргеликте ийгиликтүү жүргүзгөн аскердик операциялардын натыйжасында Лисичанск шаарын жана ага жакын жайгашкан бир катар калктуу конуштарды, анын ичинде Белогоровка, Новодружеск, Малорязанцево жана Белая Гора сыяктуу ири аймактарды толук көзөмөлгө алган.

Лисичанск мурдагы Луганск облусунун Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган акыркы шаары болчу.

Акыркы операцияда бошотулган аймактардын жалпы аянты 182 чарчы километрди түздү.

Март аягынын аягында Россиянын Коргоо министрлиги Украинадагы атайын операциянын негизги максаты “Донбассты толук бошотуу” деп билдирген.

Белгилей кетсек, Путин 24-февралда Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо” боюнча атайын операция жарыялаган. Киев буга жооп кылып, Москва менен дипломатиялык мамилесин үзүп, аскердик абал жарыялаган.

Атайын операциянын жүрүшүндө россиялык күчтөр Украинанын Херсон облусунун бүт аймагын, Запорожье облусунун бир бөлүгүн, анын ичинде Мелитопольду жана Харьков облусунун бир бөлүгүн жана Балаклея шаарын көзөмөлгө алууга жетишти.

Комментарий жиберүү