Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россиянын Газпром компаниясы менен Ирандын Улуттук мунай компаниясы мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул тууралуу Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты.

Документке 19-июлда онлайн азем учурунда Мохсен Хочестемехр жана орусиялык “Газпром” компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов кол коюшту.

“Ирандын улуттук мунай компаниясы менен россиялык Газпром компаниясынын ортосунда жалпы суммасы 25 миллиард долларлык стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта.

Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай тармагындагы эң ири чет элдик инвестициялык келишим” деп сыпаттады.

Маалыматка караганда, Газпром Ирандын Түндүк Парс мунай кенин жана Киш аралындагы газ кендерин иштетүүгө 10 миллиард доллар инвестиция салууда.

Мындан тышкары, Түштүк Парс кенин иштетүүгө жана башка 6 мунай кенин иштетүүгө дагы 15 миллиард доллар жумшалат.

Келишимде ошондой эле Россия менен Ирандын ортосунда газ, нефтехимиялык жана газ продуктуларын алмашуу, суюлтулган жаратылыш газ (LNG) долбоорлорун аяктоо жана экспорттук газ түтүктөрүн куруу бар.

Ошол эле күнү Россиянын президенти Владимир Путин Тегеранга барып, Иран жана Түркиянын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Комментарий жиберүү