Россия ТИМи: Ооганстан АКШ күчтөрү киргенден кийин баңги лабораториясына айланган

АКШ жана анын союздаштары Ооганстанга басып кирген күндөн бери өлкөдө баңги өндүрүшү көбөйүп, дүйнөдөгү эң ири баңги лабораториясына айланган.

АКШ жана эл аралык коалициянын 20 жылдык аскерий катышуусунда Ооганстанда баңгизат өндүрүшү 40 эсеге көбөйүп, өлкө эң чоң “метамфетамин лабораториясына” айланган.

Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жаңы чакырыктар жана коркунучтар департаментинин директору Владимир Тарабрин РИА Новостиге билдирди.

“АКШнын жана анын НАТО боюнча союздаштарынын бул өлкөдө жыйырма жылдык болушунун натыйжасында Ооганстан баңги мамлекетине айланды: опиаттарды мыйзамсыз өндүрүүнүн көлөмү 2001-жылдын деңгээлине салыштырмалуу дээрлик 40 эсеге өстү. Мындан тышкары, Ооганстан метамфетаминди өндүрүү боюнча эң чоң лабораторияга айланды”, – деди Тарабрин.

2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш аяктаганын жарыялаган.

Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды массалык түрдө эвакуациялоо жүргүзүлгөн.

Америкалык аскерлер 31-августка караган түнү Кабулдун аэропортунан толук чыгып кеткен.

Сентябрдын башында Мухаммед Хасан Ахунд башында турган Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган.

Комментарий жиберүү