Россия ТИМи: Өзбекстан менен Казакстан газ союзун түзүүнүн үстүндө иштөөгө даяр

 Өзбекстан менен Казакстандын жетекчилиги Москва менен үч тараптуу газ биримдигин түзүү боюнча биргелешкен аракеттерге даяр.

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине билдирди. 

“Үч тараптуу газ биримдигин” түзүү идеясы Россияны да, биздин өнөктөштөрүбүз – Казакстан менен Өзбекстанды да кызыктырат. Бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү энергияга болгон муктаждыктарга, социалдык-экономикалык туруктуулукту жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылуу милдеттерине байланыштуу суроо-талапка ээ. Россиянын өнөктөштөрү бул жаатта биргелешкен аракеттерге даяр”, – деди дипломат.

Галузиндин айтымында, бул идеяны ишке ашырууда эч кандай тоскоолдуктар жок, бирок биринчи кезекте эксперттик деңгээлде көп системалуу иш жүргүзүү зарыл. Учурда бул долбоордун үстүндө үч өлкөнүн компетенттүү министрликтери иштеп жатат.

“Өзбекстан Республикасынын долбоорго катышуусуна келсек, Россиянын президенти Владимир Путин 9-декабрда Бишкектеги ЕАЭБ саммитинин соңунда өткөн маалымат жыйынында мүмкүн болгон энергетикалык альянсты түзүү боюнча иштер башталганын белгилеген”,- деп билдирди Галузин.

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ноябрь айынын аягында Кремлде болгон жолугушууда орус газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу ташуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн Өзбекстандын катышуусу менен “үч тараптуу газ союзун” түзүү маселесин талкуулашкан.

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “үч тараптуу союз” идеясы биринчи этапта кандайдыр бир юридикалык жак менен координациялоо механизмин түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырарын, бирок мындай маселелер дагы талкууга алынышы керектигин билдирген. 

Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ тармагында, анын ичинде газ жеткирүү жана аны кайра иштетүү боюнча кызматташуу үчүн чоң потенциалы бар, деп белгилеген Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов декабрдын башында массалык маалымат каражаттарына жасаган видео кайрылуусунда Өзбекстан коңшу өлкөлөрдөн газ менен электр энергиясын кандайдыр бир альянс же союз аркылуу эмес, коммерциялык келишимдердин негизинде импорттоого ниеттенип жатканын билдирген.

Казакстандын Энергетика министрлиги газ биримдиги боюнча маселе үч тараптуу форматта талкууланбаганын, өлкөлөр газ ташуу системаларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышканын билдирген.

Ошол эле учурда газ тармагындагы кызматташуу үч тараптын тең макулдугун талап кылат, деген Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков.

Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда “газ союзун” түзүү долбоору мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алуудан мурун эксперттердин аны изилдеп чыгышын талап кылат, деп билдирген Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко.

Комментарий жиберүү