Россия-Украина согушу: Зеленский башкы максатты атады

  Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага жылдык кайрылуусунда Киевдин Москва менен болгон жаңжалдагы башкы максаты – өлкөнүн бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү деп атады.

“Максат – Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү жана бардык туткундарды бошотуу”, – деген   Зеленскийдин сөзүн Страна.ua басылмасы келтирди.

Украин прещзиденти ошондой эле согуштан кийин Украинаны кайра куруу Европадагы эң ири экономикалык долбоор болорун билдирди.

“Биздин мамлекеттин бүт аймагы кайра курулууга муктаж”,  – деди ал.

Мындан тышкары, ал февраль айынын аягында согуштук аракеттер башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон украиналыктардын мекенине кайтаруу негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия төрт жаңы аймактын коопсуздугун жана бүткүл Россиянын коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алууну камтыган атайын аскердик операциянын максаттарын аткарылышын камсыз кылууга ниеттенип жатканын белгилеген.

Москва Крымдын жана 2022-жылы Россиянын курамына кирген мурдагы украин аймактарынын статусу талкууга алынбай турганын бир нече жолу баса белгилеген.

28-декабрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киев сунуштаган эч кандай тынчтык планы бүгүнкү күндө жок экенин, анткени Украинанын бардык демилгелеринде жаңы аймактардын Россияга кириши эске алынган эмес.

Россия 24-февралдан бери Украинаны демилитаризациялоо жана деназиялаштыруу боюнча атайын аскердик операция жүргүзүп жатат. Владимир Путин анын максатын сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо деп атады. Куралдуу күчтөрдүн алдында Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берүү милдети турат.

Комментарий жиберүү