Россия Япон деңизинде ракеталык коргонуу системасын сынады

Россиянын Тынч океан флотуна караштуу Корветт үлгүсүндөгү аскердик  кемеден «Ответ» системасы менен учурулган ракетанын суу астындагы белгиленген бутаны так атканы белгиленди.

Россиянын коргоо министрлиги суу түбүндөгү кемеде ракеталык коргонуу системасынын Япон деңизиндеги сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн жарыялады.

Украинага карата кол салууларынан улам  санкция салуулардан кийин Россия  –  Япония карым  – катнаштары чыңалууга кирип, Москвадан аймакта чыңалууну күчөтө турган бир кадам ташталды.

Россиянын Тынч океан флотуна караштуу Корветт үлгүсүндөгү аскердик кемеден «Ответ» системасы менен учурулган ракетанын суу астында белгиленген бутаны так атканы билдирилди.

Москванын бул кадамына Японияга жана Тынч океан аймагындагы эң чоң өнөктөшү Америка Кошмо Штаттарына карата коркутуу катары анализ жүргүзүлүүдө.

Атуу аралыгы 50 километр болгон «Ответ» системасы менен учурулган ракеталар 800 метр деңиз түбүндөгү буталарды ата алат.

Комментарий жиберүү