Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.

Комментарий жиберүү