Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушту.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо, аткаруу экенин айтты. Өз кезегинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтингинде сөз эркиндиги жана демократия боюнча региондогу лидер бойдон калып жатканын белгилешти. 

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга токтолуп, эл аралык уюмдар жана журналисттер менен биргеликте Баткен облусундагы талкаланган социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышып, окуянын масштабына кейигендерин билдиришти. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелер боюнча активдүү диалогго даяр экенин белгиледи.

Комментарий жиберүү