Садыр Жапаров Владимир Путин менен кандай маселелерди талкуулады?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 24-майда, Сочи шаарында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы маалымдады.
Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Ошондой эле, башкалар менен катар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам  көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Орусиянын Президенти Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер  бекемделип, өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.
«Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6% га жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», – деди Владимир Путин.
Мындан тышкары, Орусиянын президенти Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын кошумчалап өттү.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, – деп билдирди В. Путин.

Ошону менен бирге тараптардын эл аралык уюмдарда активдүү кызматташарына, алардын арасында ЕАЭБ, ЖККУ жана башка уюмдардын, анын ичинде БУУ сыяктуу глобалдык мүнөздөгү уюмдардын алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлерине токтолуп өттү.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгына жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясы менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров орусия тарапка коронавирус пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын билдирип өттү.

Комментарий жиберүү