Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду.

Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Комментарий жиберүү