Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде «Талибан» менен диалог жүргүзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы  Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди.

Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи.

Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Ооганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы Ооганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп белгиледи Жапаров.

Комментарий жиберүү