Садыр Жапаров Орусияга барат

Ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-майда, орусия тараптын демилгеси менен президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулашты. Путин Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат”, – деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашат.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Ошол күнү кечинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.

Окуяда кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36 киши каза тапты. Ал эми тажик тараптан 19 адам набыт болуп, 87и жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаганын билдирген.

Комментарий жиберүү