Садыр Жапаров Түркиянын президентине сел кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кара деңиздеги суу ташкынына байланыштуу президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттик администрациянын Басма сөз кызматы жарыялады.

Белгилей кетсек, президенттик администрациянын Басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Жапаров өзүнүн жана кыргыз элинин атынан Түркиядагы селден улам каза болгондорго байланыштуу президент Эрдоганга көңүл айткан.

Садыр Жапаров өмүрүнөн айрылган түркиялыктардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрүн жана жаратылыш кырсыгынан жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаганын билдирип: «Кыргызстан эли курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, табигый кырсыктан жапа чеккендердин баарынын тез сакайып кетишин каалашат. Бир тууган Түркиянын бул оор абалдан тезирээк чыгышын Кудайдан тиленем “,-деди.

Эске салсак, Түркиянын Кара деңиздин жээгиндеги Кастамону жана Синоп провинцияларында нөшөрлөгөн жаандардан улам, суу ташкындаган.

Селдин кесепетинен улам жүздөгөн калктуу конуштар электр жарыгысыз калып, бир катар негизги магистралдарда транспорт кыймылы жабылган. Ал эми, берилген маалыматтарга караштуу жабыркагандардын саны 27ге жеткен.

Комментарий жиберүү