Саид Харрази: “Иран эли дүйнөгө туура жолдо бараткандыгын далилдеди”

18-июнда Иран Ислам Республикасында Президенттик шайлоо өтүүдө.

Бул саясый өнөктүккө Кыргызстандагы ирандыктар да катышып, өз өлкөсүнүн Элчилигинде добуш беришүүдө. Биз алгачкылардан болуп добуш берген Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази менен шайлоонун жүрүшү жана өз өлкөсүнүн мындан аркы ички, тышкы саясаты кандай болору тууралуу маектештик.

– Урматтуу Элчи мырза, Сиз кандай ойлойсуз, Ирандын катардагы жаранынын президенттик шайлоого катышуусу эмнени билдирет жана кандай мааниси бар?

– Бисмилла рахмаани рахиим. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бүгүн Иран Ислам Республикасында  13-президенттик шайлоо өтүүдө. Бул шайлоо Ирандын өзүндө жана чет өлкөлөрдө да болууда. Ушул 40 жылдан ашык мезгилдин аралыгында дүйнөлүк коомчулук тарабынан да Ирандагы президенттик шайлоолорго өтө чоң көңүл бурулуп келди. Чындыгында биздин өлкөдөгү шайлоолор демократиялуу маанайда өтүп, Иран Ислам Республикасынын бийлиги эл тарабынан колдоого ээ болууда. Баарыңыздар жакшы билгендей, Иран Ислам Республикасынын бийлиги диний элдик бийлик болуп саналат. Бул да Ирандагы диний эркиндиктин бир мисалы. Өз кезегинде Ирандын ар бир жараны өлкөнүн тагдыры үчүн жеке жоопкерчилигин сезе билет жана сөзсүз шайлоого катышуу зарыл деп эсептейт. Демек, жарандар бир эле мезгилде саясый да, диний да, социалдык да талабын билдире алышат. Ошондуктан мамлекеттин ичинде да, сыртында да добуш берген ар бир ирандыктар акыл-эстүүлүк менен кошо жарандык да жоопкерчилигин көрсөтүшөт деп ишенем.

– Кыргызстанда канча ирандыктар шайлоого катышат жана алар кандай добуш беришет деп ойлойсуз?

– Биз бүгүн Кыргызстандагы ирандыктардын канчасы шайлоо участогуна келери тууралуу так маалымат айта албайбыз. Өткөн жылдардагы шайлоолордогу тажрыйбаны эске алып, орточо үч жүзгө жакын жарандар добуш беришет деп божомолдоп жатабыз. Балким, бул сандын жарымы же жарымынан азыраагы да добуш берип калышы мүмкүн. Тилекке каршы акыркы эки жылдан берки коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандагы ирандык жарандардын саны бир топко азайып кетти, айрымдары өз өлкөсүнө кайтып кетүүгө аргасыз болушса, кээ бир Кыргызстанга келе тургандар да сапарын токтотуп коюшту. Бир чети эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамы болбогондуктан да Ирандан Кыргызстанга же Кыргызстандан Иранга каттаган жарандардын саны аз болууда. Ага карабай биз массалык маалымат каражаттары жана башка байланыш булактары аркылуу шайлоочуларга кабар берип, добуш берүүгө келүүсүнө үндөдүк. Андыктан Элчиликте ачылган шайлоо участогунда ирандык жарандар өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүшүп, келечек үчүн добуш беришет деп ишенебиз. Бир чети айрым ирандык жарандар Бишкек шаарынан сырткары аймакта жашашкандыктан жана Элчиликтин имаратында гана шайлоо участогу болгондуктан, алар жолдун алыстыгына, учурда күч алып жаткан коронавирус илдетине байланыштуу добуш бере албай калышы мүмкүн.

– Бул ирет президенттик шайлоо жөнөкөй эмес кырдаалда жана Ирандын эл аралык деңгээлдеги саясаты да көңүл борборунда тургандыктан, бул шайлоонун мурдагыларынан кандай айырмасы бар?

– Негизи эле акыркы 40 жылдан ашык мезгилден бери Ирандагы шайлоолор жөнөкөй эмес шартта өтүп келатат. Өзгөчө эске алып коё турган жагдай, Ирандын жана ислам дининин душмандары шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышып, жок эле дегенде добуш берген адамдардын саны аз болуусуна аракет кылып келишүүдө. Анткени Ирандын душмандары биздеги демократиялык процесстерди көрө алышпайт жана башка өлкөлөрдөгү демократиядан артыкчылыгын кабыл алгысы келишпейт.

Иран Ислам Республикасынын руханий лидери баса белгилегендей, бул ирет өтүп жаткан президенттик шайлоо Ислам революциясынын экинчи фазасына кирүү болуп саналат. Себеби Иран Ислам Республикасынын айрым душмандары ислам негизинде курулган мамлекеттик түзүмдү кабыл алгысы келишпейт. Ага карабай 42 жылдан бери Ислам мамлекети өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, өнүгүп-өсүү жолунда ишенимдүү алга кадам таштоодо. Чындыгында биздин душмандарыбыз Иран Ислам Республикасынын жетишкендиктерин тааныгысы келишпейт. Акыркы төрт жылда эле Иранга сырткы күчтөр тарабынан мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлүп жатат. Иран Ислам Республикасынын душмандары санкциялар жана башка экономикалык, саясый кысым көрсөтүүлөр аркылуу бараткан багытынан артка кайтарып, элдин да аң-сезимине тескери агитация жүргүзүүдө. Менин пикиримде, бүгүнкү шайлоо бул жагдайда өтө маанилүү. Жалпысынан бүгүнкү жана мурдагы шайлоолор Иран Ислам Республикасынын символу, күч-кубаты болуп саналат.

– Президенттик шайлоонун жыйынтыгы Ирандын эл аралык деңгээлдеги саясатына кандай таасир берет деп ойлойсуз?

– Биз ар бир шайлоо революциялык кыймылыбызга жаңы дем кошкон күч-кубат деп ойлойбуз. Албетте, жаңы шайлоо жаңы энергия жана жаңы идея, жарандар үчүн үмүт менен ишенимдин жаралышы. Өз кезегинде биздеги ар бир шайлоонун ийгиликтүү өтүшү Иран Ислам Республикасынын душмандары үчүн өз багытын кайра карап чыгууга да берилген мүмкүнчүлүк. Атап айтканда, ар кандай санкциялар менен башка кысымдар Ирандын өсүп-өнүгүүсү үчүн таасир бере албай, натыйжасыз болуп жаткандыгын да душмандар моюнга алып коюшу зарыл. Ошол эле учурда Иран шайлоодон кийин боордош жана кошуна мамлекеттер менен мамилесин мурдагыдан да чыңдоого даяр.

– Сиз өз өлкөңүздүн жараны жана мекенчил уулу катары шайлоонун жыйынтыгынан эмнени күтөсүз?

Албетте, мен Ирандын баардык эле жарандары сыяктуу мындан ары да жаркын келечекке умтулуп, рухий лидерибиз Аятолла Хомейни тарабынан аныкталган максатыбызга ишенимдүү кадам таштайбыз деп ишенем. Ирандын мамлекети менен эли тандап алган жолдо көптөгөн бут тосуулар да болууда. Ага карабай биз Алаа Тааланын колдоосу менен ал тоскоолдуктардын баардыгын жеңерибизге үмүт чоң. Күн сайын биздин өкөбүз өнүгүп-өсүп, чыңдалып, өзүн-өзү камсыз кылуу багытына карай жол тартат деп айта алам. Сөзүмдүн акырында рухий лидерибиздин жетекчилиги менен Иран аймактагы жана дүйнөдөгү мамлекеттер менен тынчтык, достук багытында кызматташтыгын уланта бермекчи.

Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү