Сауд Арабиясына баруу үчүн кандай шарттар талап кылынат?

Сауд Арабиясы 1-августтан тарта туристтерди кабыл алуу үчүн өз эшигин кайра ачат, бирок бир канча шарттары бар.

Ал шарттардын бири – коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү.
Бул тууралуу Падышалыктын Туризм министрлиги Twitterдеги микроблогунда жарыялады.
«2021-жылдын 1-августунан тартып  эмделген  (коронавируска каршы) туристтик виза ээлеринен саякат чектөөлөрү алынат. Аларга эмдөө сертификатын көрсөткөндө милдеттүү түрдө карантинден өтүүнүн кажети жок болот”, – деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Сауд Арабиясында коронавируска каршы төрт вакцина бекитилген, алар: Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca, ошондой эле Pfizer жана BioNTech.
Белгилей кетсек, мурдараак эмдөөдөн өтпөгөндөр ПЦР терс тести менен өлкөгө учуп келип, өлкгө кирээрден алдың кайра ПЦР тестин тапшыруу керектиги айтылган.
Акыркы маалыматтарга караганда, 34,2 млн. калкы бар Сауд Арабиясында 523 397 COVID-19 учуру катталып, 8212 бейтап каза болгон.
Өлкөдө эмдөө өткөн жылдын декабрь айында башталган, буга чейин 26010.054 эмдөө жүргүзүлгөн, тургундардын жарымынан көбү вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышкан.

Комментарий жиберүү