Сауд Арабиясы чет элдиктерге Умра кылууга уруксат берет

Сауд Аравиясынын бийлиги 10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра  зыяратына барууга уруксат бериле тургандыгын жарыялады.

 Gulfnews маалымдагандай, зыяратчылар коронавируска каршы бардык алдын-алуу чаралары менен кабыл алынат.
Атап айтканда, келген зыяратчылар коронавируска каршы, Падышалыкта бекитилген  (Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca) вакциналар менен эмделген же ПЦР тести терс болушу керек.
Албетте, вакцинациядан өтпөгөн зыяратчылар үч күндүк карантинден өтүп, андан кийин коронавируска каршы экинчи ПЦР тестинен өтүшү зарыл.
Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединада исламдын ыйык жерлерине Хаж зыяраты 17-22-июль күндөрү болду. Былтыркыдай Ажылыкка падышалыктын тургундары гана катыша алышкан.
Алар 18 жаштан 65 жашка чейинки жана өлкөдө бекитилген вакциналар менен эки эмдөөдөн өткөн 60 миңге жакын зыяратчылар эле.

Комментарий жиберүү