Сауд Арабия 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарын өткөрөт

 Сауд Арабия гезити бул өлкө “2022 Дүйнөлүк Чемпионаттын” жана “2023 Азия Кубогунун” төртүнчү топту тандап алуу оюндарын өткөрөрүн ырастаган.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Азия Футбол Конфедерациясы (АФК) Сауд Арабияны 2022-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун төртүнчү тандоо турунда жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун тандоо турунда кабыл алууну көздөп жатат.
Бул маселе кечээ АФКнын Конкурс комитетинин отурумунда каралып, топтун оюндары июнь айында өтөт деп пландаштырылган.
Белгилей кетсек, төртүнчү топко Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур жана Сауд Арабиясы кирет.
 Ошондой эле, эгер эки команда ден-соолук протоколдорунан өтүшүп, беттештин орду боюнча бир пикирге келе алышса, кээ бир тайпалар үчүн март айында ойноого мүмкүнчүлүк берилет.
АФК Турнир комитети 17-февралда Дүйнөлүк Кубоктун тандоо турундагы жолугушууларын жыйынтыктап, андан кийин АФК Чемпиондор Лигасы жана АФК Кубогунун мелдештерин карайт.
 Mehr агенттигинин кабарчысынын айтымында, кечээ Ирандын Футбол Федерациясы С тобунун оюндарын өткөрүү өтүнүчү менен Азия конфедерациясына кайрылгандыгын жарыялады.

Комментарий жиберүү