Сауд Аравиясы быйыл чет элдиктерди ажылыкка кабыл алат

Быйылкы жылы чет мамлекеттердин жарандары Сауд Аравиясындагы исламдын ыйык жерлерине зыярат кылуу менен бирге ажылык амалдарын аткара алышат.

 “Аль-Ватан” гезити билдиргендей, катуу санитардык нормаларды сактоо ажылыкка баруунун шарты болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Аравиясынын бийликтери коронавирус пандемиясынын шартында чет элдиктер үчүн ажылык сапарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы маалымдалган. Ажылык жана умра иштери боюнча министрлик өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша конкреттүү пландарды жана чараларды кийинчерээк жарыялоону көздөп жатат.

Эске салсак, ажылык парзын аткаруу үчүн жыл сайын Сауд Аравиясына дүйнөнүн ар кайсы бурчунан орто эсеп менен 2,5 млн. зыяратчы келет.

 Ал эми пандемияга байланыштуу 2020-жылы  тарыхта биринчи жолу ажылык сапарга падышалыктын жашоочуларына гана уруксат берилген.

Быйыл ажылык 2021-жылдын июль айынын экинчи жарымына туура келет.

Комментарий жиберүү