Сауд Аравиясы эмнеге быйылда ажылыкты токтотту?

Сауд Аравиянын Ажылык жана Умра министрлиги ажылык аземи чет элдик зыяратчылар үчүн быйыл дагы өткөрүлбөй тургандыгын жарыялады.

Министрликтин чечими боюнча, бул жылы ажылык Сауд Арабиясынын ичиндеги 60 000 зыяратчыга гана бөлүнөрүн жарыялады.
Сауд Аравия коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн чечим чыгарганын билдирди. Бирок Исламдын негизги түркүктөрү жана жөрөлгөлөрүнүн бири болгон Ажылыктын маанисин эске алганда, бул чечим коронавирустун жайылуусунун алдын алуу гана эмес, ошондой эле “жашыруун максаттарды” камтыганы белгилүү,- деп жазат Иран ЖМКлары.
Төмөндө башка өлкөлөр үчүн ажылыктын токтотулушуна байланыштуу айрым жагдайлар келтирилген: Сауд Аравиясынын калкынын бул чечимине байланыштуу биринчи жагдай, мындай чечимди күтүлбөгөн жерден жана башка ислам өлкөлөрүнүн абалын билбей туруп жана башка өлкөлөрдөгү мусулмандардын көз-караштарына жана пикирлерине көңүл бурбастан кабыл алгандыгы.
 Чындыгында эле, Сауд Аравия ажылык жана исламдык жөрөлгөлөр маселесин өзүнүн ички иштеринин бири катары карайт жана өзүнүн ички, авторитардык жана диктатордук чечимдеринде болгондой, бир миллиарддан ашуун мусулмандын каада-салтын чечүү укугунан пайдаланууда.
 Ага дүйнө жүзү боюнча эч ким нааразычылык билдирүүгө акысы жоктой.  Эгерде Сауд Аравиясынын жетекчилери мусулмандардын жана ислам өлкөлөрүнүн көз караштарына жана пикирлерине чындап көңүл бурушкан болсо, анда дипломатиялык консультациялар же виртуалдык конференция түрүндө чечимдерди кабыл алмак.
Ошондой эле Ислам өлкөлөрүнүн кээ бир расмий адамдарынын катышуусу менен чечишмек.
Бирок мындай милдет Аль-Сауд үчүн мааниге ээ эмес окшойт. Чындыгында, коронавирустун шылтоосу менен кабыл алынган Аль-Сауд мындай чечиминин түпкү жана жашыруун максатын билдирген.
 Ислам дүйнөсүндө жана мусулмандардын негизги көйгөйү деп эсептелген окуяларга кайрылсак, ажылык аземдерин өткөрүү маалында исламдык кызыкчылыктарга жана ыйыктыктарга карама-каршы келген кээ бир сионисттик иш-аракеттерди айыптоо атмосферасын түзүшү мүмкүн.
 Ушул маанилүү маселелердин бири – сионисттик режимдин кээ бир араб өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртуусуна каршы процесс Ажылык трибунасы болушу мүмкүн.
Айрыкча, ал социалдык тармактарга жана маалымат каражаттарына басым жасап, мусулмандардын ушул маселелерде биримдигин күчөтсө, натыйжада сионисттик режим менен АКШнын максаттарына зыян келтирилмекчи.

Эске салсак, былтыркы ажылыкка 10 миң адам гана катышкан, алардын 70% чет элдиктер жана 30% саудиялыктар болгон. 2019-жылы беш күндүк жылдык ажылык сапарга 2,5 миллион адам катышкан. Кадимки форматтагы ажылык жана жыл бою умра зыяраты Сауд Аравиясына жыл сайын болжол менен 12 миллиард доллар киреше алып келет.

Комментарий жиберүү