Сауд Аравия: Ажылык быйыл атайын протоколдорго ылайык өткөрүлөт

Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги быйылкы ажылыкты ден-соолук жана коопсуздук протоколдоруна ылайык өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын жарыялады.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу Сауд Аравия падышачылыгы ажылык жөрөлгөсүн зыяратчылардын ден соолук коопсуздугун сактоо максатында бир канча эрежелер жана көрсөтмөлөр менен өткөрүлөөрүн билдирген. Бул протоколдор жакын арада жарыяланмакчы.

Берилген маалыматтарга караштуу, Сауд Аравияда акыркы алты ай ичинде эмдөөдөн өткөн же коронавирустан айыгып чыккан адамдардан башкаларын ажылыкка кабыл албоо маселесин териштирип жатышат.

Ошол эле учурда, Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги өлкөгө четтен кирген Умра зыяратчыларынын коронавирус жөнүндө камсыздандыруу кагазы болушу шарт экенин кошумчалаган.

Ошондой эле Министрликтин маалыматы боюнча, эгер чет өлкөлүк зыяратчы Сауд Аравияда каза болуп калса, табытын өз өлкөсүнө өткөрүп берүү үчүн камсыздандыруу акысы 6500 сауд риалын түзөөрүн белгилешкен.

Эске салсак, өткөн жылы Сауд Аравиясынын өкмөтү Covid -19 вирусунун чыгышына байланыштуу чет элдик зыяратчылар үчүн ажылык ибадатын өткөрүүгө тыюу салган.

Комментарий жиберүү