Сауд Аравия дүйнөдөгү эң ири курал импорттоочу, ал эми АКШ эң ири экспорттоочу өлкө

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) дүйшөмбү күнү 2016-2020-жылдар аралыгындагы дүйнөлүк курал-жарак соодасынын абалы жөнүндө жаңы отчет жарыялады.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги “Deutsche Welle” агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматына караганда, акыркы беш жыл ичинде АКШ курал-жарак жеткирүүдө лидер бойдон калууда. АКШнын курал экспорту 2011-2015-жылдарга салыштырмалуу 15 пайызга өскөн. АКШ, Франция жана Германия (эң ири курал экспорттоочу үч өлкө) курал-жарак жеткирүүнү көбөйткөн.

Дүйнөдөгү эң ири курал импорттоочу Сауд Аравия импортун 61 пайызга, Катар 361 пайызга көбөйткөн.  БАЭ дагы жакында эле 23 миллиард долларга бааланган 50 даана F-35 согуштук учагын жана  18 согуштук учкучсуз учагын сатып алуу боюнча АКШ менен келишим түзгөн.

SIPRIнин жогорку изилдөөчүсү Симон Визман Азия жана Тынч океанынын бир нече өлкөлөрү үчүн Кытайда милитаризмдин күч алышы коркунуч туудурат, ошондуктан бул аларды курал-жарактын эң ири импортеруна айландырарын билдирген. Перс булуңунун түштүк жээгиндеги Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Катар сыяктуу араб өлкөлөрү АКШдан жыл сайын миллиарддаган долларлык курал-жарак сатып алышат.

АКШнын президенти Дональд Трамптын тушунда Сауд Аравия Вашингтон менен ар кандай аскердик техникаларды сатып алуу боюнча миллиарддаган долларлык келишимге кол койгон.

Комментарий жиберүү