Сауд Аравия зыяратчылар үчүн жаңы эрежелерди жарыялады

 Сауд Аравиясы ажылыкка катышуу шартын жарыялады.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, зыяратчылар ажылыкка жана Умрага коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин гана катыша алышат. Тийиштүү чечим Сауд Аравиясынын бийлиги тарабынан кабыл алынды. “Ажылык сапарга катышуунун негизги шарты – бул коронавируска каршы эмдөө”,- дедипадышалык Саламаттыкты сактоо министри Тавфик аль-Рабия .
Белгилей кетсек, быйыл Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерине ажылык сапары июль айынын экинчи жарымында башталат.
Ал эми, өткөн жылы пандемияга байланыштуу ага 10 миң гана адам катышкан, анын 30% саудиялыктар, 70% өлкөдө жашаган чет элдиктер болгон.
 Ошондой эле зыярат кылууга илдеттен айыккан дарыгерлерге, өнөкөт оорусу  жана илдетсиз 20 жаштан 50 жашка чейинки адамдарга артыкчылык берилген болсо, чет жактан келген зыяратчылар ажылыкка киргизилген жок.
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Сауд Аравиясы 50 жаштан ашпаган зыяратчыларды коронавирус инфекциясы боюнча терс ПЦР анализин тапшыргандарды Умрага кабыл ала баштаган.

Комментарий жиберүү