Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд коалициясынын Таиз провинциясындагы шаарга жасаган кандуу аба соккусунда Йемендин 16 жараны набыт болду.

 Сауд коалициясынын согушкерлери жума күнү кечинде Таиз провинциясынын Макбана шаарында бир катар жайкын тургундарды бутага алып, кеминде 16 йемендик жаранды, анын ичинде бир нече балдарды өлтүрүштү.

“Аль-Масиранын” маалыматына караганда, саудиялык согушкерлер аймактын үстүнөн учуп жүргөндүктөн, куткаруучулардын урандыларды чыгаруу жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу үчүн аймакка жетүүсү мүмкүн эмес.

Комментарий жиберүү