Сахарадан келген ысык шамал жана чаң Европаны каптады

Африкадан ысык аба массалары Европага чаң жана болуп көрбөгөндөй ысыкты алып келди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Испаниянын түштүгүндө жана борборунда термометр 40˚С дан 46˚С га чейин көрсөткөн. Севильяда жана Кордова провинциясында коркунучтун “кызгылт сары” деңгээли жарыяланды.

Ошондой эле, бул аймактарда чөлдөн чыккан чаңдын жогорку концентрациясы күтүлөөрү, бул жолдордордун көрүнбөй калуусун эле шарттабастан, абанын сапатына терс таасирин тийгизери эскертилди.

Бийлик өлкө тургундарына жана конокторуна ушул күндөрү көчөгө чыгууну чектөөнү сунуштады.

Белгилей кетсек, газ жана башка энергетикалык ресурстарынын баасынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу Европанын айрым өлкөлөрнүдө кондиционерди колодонууда чектөө коюлган. Алардын ичинде Италияда мамлекеттик мекемелерде абанын температурасын 25 градустан ылдый түшүрүүгө тыюу салынган.

Комментарий жиберүү