Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Казакстандагы башаламандыктардан кийин өлкө бийлиги республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурасын текшерүүнү сөзсүз баштайт. Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан кайрадан Астана деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай көз карашты Саясий эксперттик топтун жетекчиси Константин Калачев билдирди.

 “Менин оюмча, бул тез арада болот. Нур-Султан кайрадан Астана болот”, — деди саясат таануучу Lenta.ru сайтына берген маегинде.

Саясат таануучу учурда расмий маалыматтарда борбор шаар Нур-Султан деп аталбастан, жөн эле “Казакстандын борбору” деп аталып жатканын эске салды.

Экс-президент Назарбаев бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка көрүнбөй, өлкөдөгү кризиске байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек. Анын басма сөз катчысы Айдос Укибай буга чейин экс-президент борбордо экенин жана ал президент Касым-Жомарт Токаев менен байланышта экенин билдирген.

Казакстанды отуз жыл башкарган Назарбаев 2019-жылы бийликтен кеткен. Ал жогорку кызматтан кеткенден кийин өлкөнүн борбору Астана Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн.


Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан.

Кийинчерээк нааразылык акциялары башка шаарларга, анын ичинде республиканын эски борбору жана эң ири шаары болгон Алматыга да жайылган: ал жерде талап-тоноолор башталып, согушкерлер мамлекеттик мекемелерге кол салып, курал-жарактарды тартып алышкан. Буга жооп иретинде бийлик 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.

5-январь таң эрте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Токаев өзү жетектеген Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет деп мүнөздөп, ЖККУдан жардам сурап кайрылганын билдирген.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстанга жамааттык тынчтык күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алган.

7-январда Токаев террорчулар каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтып, куралын таштабагандарды жок кылууга убада берген.

Казакстанга жөнөтүлгөн ЖККУнун аскер күчтөрү стратегиялык аймактарды кайтарууну баштаган.

Комментарий жиберүү