СиндзоАбэколсалуудануламказаболду

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ кол салуудан кийин алган жараатынан улам каза болду.

Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтемке берүү менен жазды.

Саясатчы Нара шаарынын Медициналык университетинин ооруканасында каза болгон.

Ал 67 жашта болчу.

Абэге кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30дар чамасында болгон. Чабуулчу экс-премьер Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан маалда артынан 10 метр аралыктан эки жолу ок аткан. Абэ мойнунан жана көкүрөгүнөн жаракат алган.

Саясатчы тик учак менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага кан куюп, бир нече саат бою анын өмүрү үчүн күрөшкөн.

Ок аткан 40 жаштагы Тецуя Ямагами ошол жерден кармалган. Ал мурда Япониянын Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылган.

Ал сурак учурунда мындай кадамга Абэнин саясатына нааразы болгону үчүн барганын айткан.

Белгилей кетсек, Синдзо Абэ 2006-2007-жылдары жана 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Комментарий жиберүү