Сионисттик режимдин Сириянын Латакия портуна ракеталык чабуулу

Сирия булактары 28-декабрда эртең менен сионисттик режим Латакия портуна ракеталык чабуул жасаганын билдиришти.
Сириянын расмий SANA агенттиги өлкөнүн армиясынын абадан коргонуу системасы ракеталык чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

Берилген маалыматтарга караштуу ракеталарды израилдик согушкерлер учурган.

Сионисттик режимдин согушкерлери Латакия шаарынын батыш тарабындагы Жер Ортолук деңизинин тереңинен чабуул баштаган.
Кол салуунун натыйжасында Латакия портунда бир топ контейнер күйүп кетти.

Израил режими террорчуларды коргоо үчүн Сириянын армиясынын жана инфраструктурасынын позицияларын ар дайым аткылоодо. Сириядагы кризис 2011-жылы Сауд Арабиясы, АКШ жана анын союздаштары тарабынан колдоого алынган террордук топтордун аймактагы теңдемени сионисттик режимдин пайдасына өзгөртүү үчүн жасаган массалык чабуулунан кийин пайда болгон.

Сирия армиясы Ирандын кеңеши жана Орусиянын колдоосу менен ДАИШ террордук тобу менен күрөштү.

Калган террордук топтор да талкаланууда.

Израил Сирияда демөөрчү болгон террористтердин толук талкаланышына абдан тынчсызданууда.

Комментарий жиберүү