Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте жана АКШнын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Сириядан казак жарандарынын тобун мекенине кайтаруу операциясын жүргүздү.

Бул тууралу “TopPress” маалымат-порталы жазды. Мекенине кайтарылгандардын ичинде 4 эркек, 1 аял жана 7 бала, анын ичинде 2 жетим бала бар. Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, террордук аракеттерге катышкан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жетим балдар жакын туугандарынын кароосуна өткөрүлүп берилет жана мамлекет аларга бардык жардамдарды көрсөтөт.

Аял жана балдар реабилитацияло жана ресоциализациялоо программаларына киргизилет. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тарабынан санкцияланган жарандарды террордук аракеттер болгон аймактардан алып келүү боюнча операция биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен башталган “Жусан” операциясынын уландысы болду.

Комментарий жиберүү