Сирия: Израил ракеталык чабуулдарды жасады

Сирия армиясынын командачылыгы Израил Дамасктын түштүгүндөгү объектерге “жер-жер” ракеталары менен сокку урганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салуу бүгүн, бейшемби күнү болжолу менен саат 3төрдө болгон. Израил басып алган Голан бийиктиктеринин аймактарынан Дамасктын түштүгүндөгү Закия конушунун аймагындагы объекттерди көздөй бир нече жолу ракеталык чабуулдарды жасаган.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, материалдык чыгым келтирилгени айтылууда.

Израилдин аскерлери буга чейин Сириядагы объекттерге бир нече жолу чабуул жасаган. Дамаск БУУнун Коопсуздук Кеңешине Тель-Авивге Сириянын эгемендигин системалуу түрдө бузууну токтотуу талабы менен бир нече жолу кайрылган. Бирок, эч кандай натыйжа болбой келет.

Комментарий жиберүү